Жаңылыктар

23.03.2018

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жардам берилди.

Бишкек шаарында жашап жаткан турмуштук оор кырдаалына кабылган аз камсыз болгон жалгыз бой улгайган жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жардам берилди.

23.03.2018

Агенттиктин кезектеги коллегиясы болуп өттү!!!

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча аткарган иштери жөнүндө”  2018-жылдын 22-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынын протоколун  жүзөгө ашыруу боюнча Агенттиктин милдеттери  жөнүндө кезектеги коллегиясы болуп өттү.

22.03.2018

Жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн сайттарында укукту түшүндүрүүчү бөлүмдөрдү (рубрикаларды) түзүүлөрү керек

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 токтому менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу Концепциясын турмушка ашыруу мамлекеттик бийликтин бүткүл бутактарынын, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  иштеринин маанилүү багыты болуп саналат.

«Нооруз» майрамына арналган улуттук тамак-аштардын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү
20.03.2018

«Нооруз» майрамына арналган улуттук тамак-аштардын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү

Улуттук тамак-аштардын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү Достук Үйүнүн аянтында (Пушкин көчөсү 78) жалган курандын 21-де саат 11.00дө өтөт.

05.03.2018

Жалал-Абад жана Ош облусунун бир катар калктуу конуштарына айыл статусун берүү маселеси ведомтсволор аралык комиссияда каралып жактырылды

2018–жылдын 5 мартында  Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу административдик-территориалдык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча Ведомстволор аралык комиссиясынын отуруму өттү.

27.02.2018

мамлекеттик тил боюнча адис талап кылынат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги чарбалык иштердин башчысы жана мамлекеттик тил боюнча лингвист эксперт котормочу кызматтарына эмгек келишимдин негизинде адистерди талап кылат.

20.02.2018

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

2018-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Мыйзам кабыл алынды.

19.02.2018

Коомдук кабылдамалардын катчыларынын курамы жаңыланды

2018-жылдын 16-февралында Агенттиктин жыйындар залында Агенттиктин директору Б.У.Салиевдин төрагалыгында Чүй облусунун Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата полиэтникалык райондорунун жана Токмок шаарынын, ошондой эле Ысык-Көл облусунун  Каракол шаарынын этностор аралык маселелер боюнча жаңы дайындалган жооптуу катчылары менен жумушчу жыйыны өттү. Жыйында учурдагы абалды талдоо менен жер-жерлердеги этностор аралык мамилелерди жана диний кырдаалды баалоо,  “Кыргыз жараны” -жарандык интеграцияны өнүктүрүү концепциясы боюнча аткарылуучу иштер кенен талкууланып, баалуу сунуштар, ой-пикирлер айтылды жана  2018-жылга карата жаңы милдеттер белгиленди

19.02.2018

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселеси ведомстволор аралык комиссияда каралды

​​​​​​​2018-жылдын 17-февралында  Кыргыз Республикасынын         Өкмөтүнүн үйүндө Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы Д.А.Кенекеевдин төрагалыгы менен Кыргыз Республикасында жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Агенттиктин 2017-жылды жыйынтыктоо кезектеги коллегиясы болуп өттү!
31.01.2018

Агенттиктин 2017-жылды жыйынтыктоо кезектеги коллегиясы болуп өттү!

​​​​​​​Мамлекеттик агенттиги өз ишмердүүлүгүн 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын Туруктуу Өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясында, Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата Программасында, Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясында, Административдик-аймактык реформанын Концепциясында, Коррупцияга каршы туруунун мамлекеттик стратегиясында, “2013-2016-жылдарга Айрым өзгөчө статуска ээ болгон чек-ара аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик Программасында, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунда мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чараларды камтып, Агенттиктин 2017-жылга түзүлгөн Комплекстүү иш-планына ылайык жүргүздү.

Вверх