Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу” аттуу Форум болуп өттү
03.07.2018

Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу” аттуу Форум болуп өттү

100 ЖӨБ органы (шаарлар жана айыл аймактар) эффективдүү регионалдык өнүгүү үчүн мамлекет менен өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин талкуулашат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 2018-жылдагы эң маанилүү жыйыны 3-июлда “Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу” аттуу Форумдун алкагында Бишкектеги “Парк-отель” мейманканасында болуп өттү.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди.
22.06.2018

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди.

Бүгүн 22-июнь мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата Агенттикте майрамдык иш чара болуп өттү.<br /> Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин майрамынын биргеликте белгилениши өткөн жылдан башталган.

Агенттик тарабынан иштелип жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору талкууланды
15.06.2018

Агенттик тарабынан иштелип жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору талкууланды

Агенттик тарабынан иштелип чыккан эки маанилүү документтин долбоору кызуу талкууланды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн Регламенти; Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун Типтүү регламенти.<br /> Талкууга айыл өкмөттөрүнүн жана шаарлардын мэрияларынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарды өнүктүрүүдө жана элдин биримдигин чыңдоодогу ролу
08.06.2018

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарды өнүктүрүүдө жана элдин биримдигин чыңдоодогу ролу

2018-жылдын 8-июнь күнү Агенттиктин директору Б.У, Салиев, директордун орун басары Э.А. Тогонбаев, башкармалыктардын башчылары В.А. Исалиева, А.С. Шамеев жана укуктук камсыздоо бөлумүнүн башчысы С.Бакасов "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарды өнүктүрүүдө жана элдин биримдигин чыңдоодогу ролу" - деген темада "КАБАР" улуттук маалымат агенттигинде пресс-конференция беришти. Пресс-конференцияда Агенттик тарабынан ЖӨБ органдары үчүн жасалып жаткан иштер жана ЖӨБ органдары тараынан көрүлүүчү аракеттер жөнүндө кенээн маалымат берилди. Пресс-конференциянын жүрүшүндө Агенттиктин директору Б.У, Салиев аткарылып жаткан иштерге токтолуп: "Бүгүнкү күндө республика боюнча 453 айыл өкмөтү жана 31 шаар жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырып, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечип, алардын жергиликтүү жамааттын күнүмдүк жашоосундагы ролу өсүп, калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишеним деңгээли көтөрүлүп жатканы бизди кубандырбай койбойт"-деп белгиледи.

28.05.2018

Кадрдык дайындоолор!

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде (мындан ары Агенттик) Уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана маалыматтык колдоо көрсөтүү башкармалыгына

22.05.2018

Кадрдык дайындоолор!

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде (мындан ары Агенттик)

Агенттиктин директор Польша Республикасынын өкүлдөрү менен жолугушту.
14.05.2018

Агенттиктин директор Польша Республикасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Бүгүн 14-майда Агенттиктин директору Б.У. Салиев Польша Парламентинин Жогорку Палатасынын сенаторлору Валдемар Краска, Артур Важоха ошондой эле Казахстан жана Кыргызстандагы Польша Республикасынын элчиси Селим Хазвиевич жана Польша Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Ардактуу Консулу Александр Златкин менен жолугушту.

Жарандык интеграцияны өнүктүрүү, элдин ынтымагын бекемдөөгө багытталган  ынтымак кубогу өткөрүлдү.
07.05.2018

Жарандык интеграцияны өнүктүрүү, элдин ынтымагын бекемдөөгө багытталган ынтымак кубогу өткөрүлдү.

Бүгүн 07.05.2018-ж. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айыл аймагында  Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун «2018-жыл Аймактарды  өнүктүрүү жылы» - деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгынын алкагында  Кыргыз жараны - жарандык интеграцияны өнүктүрүү, элдин ынтымагын бекемдөөгө багытталган  ынтымак кубогу өткөрүлдү.

02.04.2018

Кадрдык өзгөрүүлөр!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнө башкы адис

23.03.2018

Нарын жана Ош облустарынын айыл өкмөттөрүн өнүктүрүүгө 38 млн. сом грант бөлүндү.

2018-жылдын 23-мартында Бишкекте "Хаятт" мейманканасында Агенттик жана “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен Чакан гранттар программасы конкурсунун жеӊүүчүлөрү болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда Гранттык макулдашууларга кол коюу иш-чарасы болуп өттү. Ага Швейцариянын КРдагы Элчилигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү, КР ЖӨБ Союзунун жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Вверх