Жаңылыктар

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи жолу Кыргызстанда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык “Дени сак шаарлар” тармагынын улуттук семинар-кеңешмеси болуп өттү.
28.09.2018

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи жолу Кыргызстанда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык “Дени сак шаарлар” тармагынын улуттук семинар-кеңешмеси болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (ЖӨБЭММА) жана КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун “Дени сак шаарлар” глобалдык кыймылынын алкагында биринчи улуттук семинар-кеңешме уюштурулду.

06.09.2018

“ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ 2018” СЫНАГЫ ЖАРЫЯЛАНАТ!

Мисал же мисалдар сүрөттөлгөн өтүнмөлөрдү Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 720001, Бишкек ш., Үмөталиев көч. 108. дареги боюнча 2018-жылдын 1-сентябрынан 15-сентябрына чейин жиберишиңиз керек. Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору “ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ 2018”  сынагын жарыялайт!

Агенттиктин директору Б. Салиев Кытай Элдик Республикасынан келген делегация менен жолугушту.
05.09.2018

Агенттиктин директору Б. Салиев Кытай Элдик Республикасынан келген делегация менен жолугушту.

5-сентябрь, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев менен Кытай Эл Республикасынын   Элдик саясий консультативдик кеңешинин улуттар жана дин иштери боюнча комиссиясынын  төрагасы, делегация башчысы -министрдин рангында Ван Вэйгуан мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

05.09.2018

КАДРДЫК ЖАҢЫ ДАЙЫНДООЛОР!!!

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде коомдук бирикмелер менен иштөө бөлүмүнө башчы

Коомдук кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуу болуп өттү.
14.08.2018

Коомдук кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Бүгүн Агенттиктин статс-катчысы Н.К. Алишеров коомдук кеӊештин курамы менен жолугуп алдыда аткарыла турган иштер жана бүгүнкү күндөгү болуп жаткан маселелер боюнча пикир алышты.

08.08.2018

Агенттиктин директору Б.У. Салиев төртүнчү “Мекендештер” форумуна катышууда

2018-жылдын 8-9-августу күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Т.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда өтүп жаткан төртүнчү “Мекендештер” форумуна Агенттиктин директору Б.У. Салиев катышууда. 

 Агенттиктин кезектеги коллегиясы болуп өттү!
31.07.2018

Агенттиктин кезектеги коллегиясы болуп өттү!

31-июль күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигининин 2018-жылдын биринчи жарымынын жыйынтыгы боюнча кезектеги коллегиясы болуп өттү. 

Ош шаарында элдин биримдигин чыңдоо боюнча семинар болуп өттү.
27.07.2018

Ош шаарында элдин биримдигин чыңдоо боюнча семинар болуп өттү.

Республиканын аймагында диний жана этностор аралык мамилелерден улам келип чыккан коомдук өз ара пикир келишпестиктерди болтурбоо, этностор аралык чыр-чатактарды, диний радикализмди алдын алуу максатында агенттиктин район, шаарлардагы коомдук кабылдамалардын катчылары үчүн бир күндүк семинар-тренинг болуп өттү.

Агенттиктин директору Б.У. Салиев Түрк Дүйнөсү муниципалитеттер бирлигинин жыйынына катышып келди
23.07.2018

Агенттиктин директору Б.У. Салиев Түрк Дүйнөсү муниципалитеттер бирлигинин жыйынына катышып келди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Б.У. Салиев 2018-жылдын 18-19-июль күндөрү  Түркиянын Дюздже шаарында  Түрк  дүйнөсү Муниципалитеттер Бирлиги (ТДМБ) уюмунун директорлор кеӊешинин кезектеги жыйынына катышып келди. Жыйында 2018-жылдын 18-апрелден 18-июлга чейинки мезгилдеги Союздун ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарга талдоо болду.

«Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн пландоосуна жаңы ыкмалар» аттуу Регионалдык конференция болуп өттү.
06.07.2018

«Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн пландоосуна жаңы ыкмалар» аттуу Регионалдык конференция болуп өттү.

Бишкек шаарында 2018-жылдын 6-июлунда  «Достук» мейманканасында «Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн пландоосуна жаңы ыкмалар» аттуу Регионалдык конференция өттү. 2018-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги биргелешкен буйругу менен шаардын жана айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын жаңы методикасы бекитилди.  Аймактардын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуунун негизги максаты коомдук кызыкчылыктарды жана жарандардын керектөөлөрүн канааттандыруу боюнча бардык башкаруу субъекттеринин ырааттуу иштөөнүн, ошондой эле калктын жашоосунун сапатын жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн жолун издөө болушу керек.

Вверх