Жаңылыктар

11.04.2019

Республикада 36 калктуу конушка айыл макамы берилет!

“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамына ылайык, ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишкен калктуу конуштарга айыл макамын берүү каралган. 

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 25 жылдыгы Ош шаарында белгиленди!
29.03.2019

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 25 жылдыгы Ош шаарында белгиленди!

2019-жылдын 29-март күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен Кыргызстан элинин Ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн (КЭА) 25 жылдыгына карата КЭАнын Ош облустук бөлүмү тарабынан уюштурулган "Кыргыз жараны" жарандык интеграцияны өнүктүрүү- элдин биримдигинин негизи" аттуу илимий-конференция болуп өттү.

27.03.2019

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 25 жылдыгы Каракол шаарында белгиленди!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү оз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин колдоосу менен, Ысык-Көл облусунда Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдыгына карата «Кыргыз жараны» жарандык интеграцияны өнүктүрүү - элдин биримдигинин негизи» аттуу конференция өттү.

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын  25 жылдыгына  карата  Жалал-Абад шаарында конференция өткөрүлдү!
26.03.2019

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 25 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарында конференция өткөрүлдү!

2019-жылдын 26-март күнү Жалал-Абад шаарында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен Кыргызстан элинин Ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Жалал-Абад облустук бөлүмү тарабынан уюштурулган "Кыргыз жараны" жарандык интеграцияны өнүктүрүү- элдин биримдигинин негизи" аттуу конференция болуп өттү.

«Нооруз» майрамына арналган улуттук тамак-аштардын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү өткөрүлдү.
22.03.2019

«Нооруз» майрамына арналган улуттук тамак-аштардын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү өткөрүлдү.

Агенттик, Кыргызстан элинин Ассамблеясы менен биргеликте Достук Үйүнүн аянтында Улуттук тамак-аштардын, кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү  жана этностук бирикмелердин катышуусунда майрамдык концерт уюштурулду.

Агенттиктин эмгек жамааты ишембиликке чыгышты.
16.03.2019

Агенттиктин эмгек жамааты ишембиликке чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен 3 айлык ишембликтин алкагында Агенттиктин эмгек жамааты Бишкек шаарындагы Чынгыз Айтматов атындагы сейил бактын ичин жалбырактардан, ар кандай таштандылардан тазалашты.

Агенттикте Эл аралык Эне тил күнү белгиленди!
21.02.2019

Агенттикте Эл аралык Эне тил күнү белгиленди!

21-февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жыйындар залында,  Агенттик  менен Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Эл аралык эне тил күнүнө арналган “Ала-Тоонун түркүн түстүү гүлүндөй, Ар улуттар биригели бөлүнбөй” деген аталышта биргелешкен иш-чарасы болуп өттү. 

Алишер Навои жана Захириддин Мухаммад Бабур аттуу чыгаан ойчул акындарга арналган поэзиялык-адабий кечеси өткөрүлдү
12.02.2019

Алишер Навои жана Захириддин Мухаммад Бабур аттуу чыгаан ойчул акындарга арналган поэзиялык-адабий кечеси өткөрүлдү

2019-жылдын 12-февралында Бишкек шаарында Алишер Навои жана Захириддин Мухаммад Бабур аттуу чыгаан ойчул акындарга арналган поэзиялык-адабий кечесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги "Өзбек улуттук маданий борбору" коомдук бирикмеси, Кыргызстан элинин Ассамблеясы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте уюштуруп өткөрдү.

Агенттиктин директору Бахтияр Салиев Эл аралык кызматташуу боюнча Корей агенттигинин жана "Гуд Нейборс Интернешнэл” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту
12.02.2019

Агенттиктин директору Бахтияр Салиев Эл аралык кызматташуу боюнча Корей агенттигинин жана "Гуд Нейборс Интернешнэл” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

12-февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев менен Эл аралык кызматташуу боюнча Корей агенттиги жана ”Гуд Нейборс Интернешнэл” компаниясынын өкүлдөрүнүн ортосунда “Кыргыз Республикасындагы менин айылым” долбоорун ишке ашыруу боюнча иштиктүү жолугушуу болду.

Агенттиктин кезектеги Коллегиясы болуп өттү
04.02.2019

Агенттиктин кезектеги Коллегиясы болуп өттү

4-февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жыл ичинде аткарган иштери жана 2019-жылга карата милдеттери жөнүндө маселени кароо боюнча Агенттиктин кезектеги коллегиясы Бахтияр Салиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Финансы министирлигинин, Коомдук кеңештин, Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү жана Агенттиктин кызматкерлеринин катышуусу менен болуп өттү.

Вверх