Жаңылыктар

"Моё село (Менин айылым)" долбоору боюнча айыл өкмөттөр Корея Республикасында окуудан өтүшүүдө.
05.08.2019

"Моё село (Менин айылым)" долбоору боюнча айыл өкмөттөр Корея Республикасында окуудан өтүшүүдө.

"Моё село (Менин айылым)" долбоорун ишке ашыруу боюнча пилоттук негизде тандалып алынган 30 айылдын айыл өкмөт башчылары, айыл лидерлери жана Аuенттиктин кызматкерлери Түштүк Корея Республикасында окуу-семинарынан өтүшүүдө. Окуу 15 күнгө созулуп, айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, лидерлик жана айылды өнүктүрүү долбооррлору жөнүндө кенээн маалымат алышууда.

Агенттик өз ишмердүүлүгүнүн 2019-жылдын I жарым жылдагы жыйынтыгын чыгарды!!
25.07.2019

Агенттик өз ишмердүүлүгүнүн 2019-жылдын I жарым жылдагы жыйынтыгын чыгарды!!

2019-жылдын 25-июль күнү Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн  2019-жылдын I жарым жылдыгындагы жыйынтыгын чыгаруу боюнча кезектеги коллегиясы болуп өттү.

Кыргызстанда "Менин айылым" долбоору старт алды!!!
18.07.2019

Кыргызстанда "Менин айылым" долбоору старт алды!!!

        Бишкек шаарында 2018-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (Агенттик) жана Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOIСA) өкүлчүлүгүнүн ортосунда "Менин айылым" долбоорун ишке ашыруу үчүн меморандумга кол коюлган.

Айыл өкмөттөрдө мамлекеттик сатып алууларды туура жүргүзүү боюнча окуулар уюштурулууда.
02.07.2019

Айыл өкмөттөрдө мамлекеттик сатып алууларды туура жүргүзүү боюнча окуулар уюштурулууда.

Айыл өкмөттөрдөгү финансы каражаттарын туура эмес пайдалануу, мамлекеттик сатып алууларда көптөгөн эреже, мыйзам бузуулар катталып келет. Ошол мыйзам бузууларды алдын алуу, мамлекеттик сатып алууларды туура жүргүзүү боюнча агенттиктин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги жана Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте  айыл өкмөттөрдүн башчылары, жооптуу катчылары жана каржы тармагын тейлеген адистери  үчүн окуулар өткөрүлүп жатат. Окутуулар 18-21-июнь күндөрү Нарын облусунда өткөрүлсө, 2-4 июль күндөрү Ысык-Көл облусунда өткөрүлүүдө. 

26.06.2019

Этностор аралык мамилелерди чыңдоо жана дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат боюнча окуулар өткөрүлдү!!!

2019-жылдын 25-26-июнь күндөрү Ош шаарында  БУУнун ӨПнын “Зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу максатында инклюзивдүү (эске алып) башкаруу жана адилеттүүлүк” долбоорунун алкагында  коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларына, коомдук консультаивдик кенештердин мүчөлөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине  “Кыргыз Республикасында элдин биримдигин бекемдөө жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо  чөйрөсүндө мамлекеттик саясат" жана "Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат" темаларында   тренинг болуп өттү.

Айыл аймактарды санариптештирүү боюнча меморандумга кол коюлду!!!
21.06.2019

Айыл аймактарды санариптештирүү боюнча меморандумга кол коюлду!!!

Кыргыз Республикасынын Президентинин "2019-жылды, региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" - деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы №2 чечими менен жактырылган "Санарип Кыргызстан 2019-2023" трансформациялоо концепциясынын Жол картасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планындагы Агенттикке тиешелүү иш-чараларын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү менен мамлекеттик Түндүк маалымат алмашуу системасына кошуу пландалган.

Агенттикте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди.
21.06.2019

Агенттикте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди.

Бүгүн Агенттикте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана министрлик ведомстволордун өкүлдөрү катышышты. Майрамдык иш чарда Агенттиктин директору Бахтияр Салиев жалпы кесиптештерди куттуктап, жергиликтүүөз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн ведомстволук сыйлыктар менен сыйлады. Куттуктоосунда төмөндөгүдөй айтылат.

"Менин айылым" долбоору боюнча 30 айыл тандалып алынды!
29.05.2019

"Менин айылым" долбоору боюнча 30 айыл тандалып алынды!

2019-жылдын 29-май күнү "Моё село (Менин айылым)" долбоору боюнча Координациялык комитеттин отуруму болуп өттү, отурумда 30 пилоттук айылдардын тизмеси бекитилди. Долбоор Агенттик менен Кореялык эл аралык кыматташтык агенттигинин ортосундагы 2018-жылы кол коюлган Меморандумдун негизинде ишке ашырылууда.

2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылынын жыйынтыгы жана 2019-жылга карата милдеттери !
30.04.2019

2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылынын жыйынтыгы жана 2019-жылга карата милдеттери !

Бул тууралуу бүгүн Кабар улуттук маалымат агенттигинде уюштурулган пресс-конференцияда Агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев журналисттерге кенээн айтып берди. Пресс-конференция журналисттердин суроо-жообу менен уланып, кызыктырган суроолорго жооптор берилди.

Айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болот.
22.04.2019

Айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болот.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 18-мартындагы №41 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө”  Жарлыгынын негизинде төмөндөгү көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу  шайлоолор 2019-жылдын 19-майына белгиленди.

Вверх