Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн окутуулар уюштурулду.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн окутуулар уюштурулду.

Агенттик, Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында республиканын бардык облустарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн окутуу семинарларды уюштуруп келет.
    Окутуу семинарлар 2019-жылдын 14-16 октябрь айында Талас, ал эми 22-24 октябрь айында Баткен облусунун жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн  уюштурулду.  Окутуу семинарлардын жүрүшүндө Агенттиктин жана  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызматкерлери сатып алуулар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча маалымат берип, айыл өкмөт кызматкерлеринин суроолоруна жооп беришти.


 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх