Агенттикте Жергиликтүү жамааттардын күнү белгиленди.

Агенттикте Жергиликтүү жамааттардын күнү белгиленди.

Бүгүн Агенттикте Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын күнү белгиленди. Иш-чарага жергиликтүү жаматтардын, шаарлардагы жана айыл аймактардагы муниципалдык кызматкерлердин айрым өкүлдөрү катышышты. Бул майрам 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилгенден баштап республиканын бардык аймактарында белгиленип келет. Бул күндүн урматына Агенттиктин ведомстволук сыйлыктары менен Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдөгү алгылыктуу иштери жана кошкон салымдары үчүн жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү сыйланышты. Ошондой эле иш чаранын жүрүшүндө Агенттиктин директору Бахтияр Салиев жалпы Жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү иштерине ийгилик каалап өттү. Бүгүнкү күндө республикада 484 жергиликтүү өз алдынча башкаруу иш алып барат, алардын ичинен 31 шаарлар, 453 айыл аймактар болуп эсептелет. Директордун куттуктоосунда мындай деп айтылат:
"Урматтуу Кыргыз Республикасындагы Жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү!
Сиздерди майрамыӊыздар менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм.
Бул майрамды биз жыл сайын мол түшүмдүү күз айларында жылуу сезим менен белгилейбиз, себеби “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жааматтарынын күнү” деп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-мартындагы №107 токтомунда ар жылдын октябрь айынын акыркы жекшенбиси белгиленген.
Өлкөнүн ийгиликтүү социалдык экономикалык өнүгүүсү, калкка эң жакын бийликтин деңгээли болгон, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүсүз мүмкүн эмес экендигин, Президентибиз С.Ш. Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл буруп жатканы далилдеп турат.
Анткени жергиликтүү өз алдынча башкаруу, бул элдик башкаруунун маанилүү формасы катары, элдин эркин аныктаган жана демократиялык мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнүн пайдубалдарынын бирин түзүүчү жарандык коомдун ажырагыс бөлүгү.
Анын негизги функцияларынын бири - тарыхий салттарга негизделген, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу, муниципалдык түзүмдөрдүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө калктын өз алдынча аракеттенүүсүн уюштуруу болуп саналат
Азыркы учурда коомчулуктун кеңири катышуусу менен жергиликтүү иштерди башкаруунун жетишээрлик эффективтүү системасы түзүлүп элибиздин чыгаан уул кыздарынын эмгегинин натыйжасында жергиликтүү маанидеги бир катар маселелер чечилип, жамаатташкан ишкерчилик өнүгүүдө.
Мамлекет үчүн эң башкы байлык – эл, ошондуктан бардык аткарылган иштер элдин кызыкчылыгына багытталып, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бүт аракеттери жер-жерлердеги көйгөйлөрдү чечүүгө жана аймактарды өнүктүрүүгө жумшалышы зарыл.
Ошого байланыштуу бардык мамлекеттик органдардын, мэриялардын, айыл өкмөттөрүнүн жана жергиликтүү кеңештердин башкы милдети – жергиликтүү жамааттарга жергиликтүү маселелерди чечүүдө өз укуктарын ишке ашырууга шарт түзүп берүү болуп саналат.
Урматтуу жергиликтүү жааматтардын мүчөлөрү Сиздерге мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошуп, элдин татыктуу жашоосуна шарт түзүү максатында жигердүү эмгектенип жатканыңыздарга ыраазычылык айтып, барыңыздарга бакубат турмушту, чың ден-соолукту, үй-бүлөөлүк бакыт таалайды каалап, иштериңерде албан-албан ийгиликтерди мындан ары жарата берүүңөргө тилектештигимди чын дилимден билдирем".

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх