Агенттикте комуз күнү белгиленди.

Агенттикте комуз күнү белгиленди.

Комуз күнү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде Комуз күнү белгиленди.

Иш чарага Агенттиктин жалпы эмгек жамааты жана 30-августа Өзбекстан респу ликасынын Самарканд шаарында өткөн Эл аралык "Шарк Тароналари" фестивалында 1-орунду жеңип келген бир тууган комузчулар Эламан жана Айбек Каныбековдор катышышты. Бир тууган комузчуларга Кыргыздын улуттук аспабы Комузду чебер ойноп, улуттук жана эл аралык деңгээлде даңазалоо аркылуу Кыргызстандыктардын көп түрдүү маданиятындагы биримдикти жана этностук коомчулуктарынын маданияттар аралык диалогун кенейтүүгө кошкон салымы үчүн Агенттиктин Ардак грамотасы, атайын белеги жана акчалай сыйлыгы ыйгарылды.

Агенттиктин директору Бахтияр Салиев кыргыз элинин улуттук баалуулугу Комуз жөнүндө маалымат берип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында белгиленген Кыргызстан элинин маданий интеграциясы коомдогу тынчтыктын, ынтымактын жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизи болоруна токтолуп өттү.  

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх