Агенттиктеги кадрдык өзгөрүүлөр!

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде (мындан ары Агенттик) ачык конкурс өткөрүлүп,  жалпысынан 20 талапкер катышып, 2019-жылдын 15-августунда конкурстун 3-4 этабы болуп өтүп, конкурстун жыйынтыгында төмөндөгү талапкерлер дайындалышты.
Суюнов Данияр Унгарбаевич - Этностор аралык мамилелер боюнча башкармалыгынын коомдук бирикмелер менен иштөө бөлүмүнө башчы  кызмат ордуна;
Чалбаев Азиз Чолпонкулович - Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын ЖӨБО функцияларын жана ыйгарым укуктарын мониторингдөө секторуна башчы кызмат ордуна;
Арыстанбекова Тамара Арыстанбековна - ЖӨБО функцияларын жана ыйгарым укуктарын мониторингдөө секторуна адис кызмат ордуна;
Маданбек кызы Тохтохан - Укуктук камсыздоо бөлүмүнө жетектөөчү кызмат ордуна. 

Мамлекеттик кызматка биринчи киришкендер салтанаттуу түрдө Ант беришти.
 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх