Кыргызстанда "Менин айылым" долбоору старт алды!!!

Кыргызстанда "Менин айылым" долбоору старт алды!!!

        Бишкек шаарында 2018-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (Агенттик) жана Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOIСA) өкүлчүлүгүнүн ортосунда "Менин айылым" долбоорун ишке ашыруу үчүн меморандумга кол коюлган. Долбоор 4 жылга эсептелген. Кол коюлган келишиминин алкагында Кыргыз Республикасында наркы 3.5 млн. доллар турган "Менин айылым" долбоору жактырылган. Долбоорго Баткен, Ош жана Чүй облустарынан 30 айыл тандалып алынган. Бүгүн 18-июль күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М. Абылгазиевдин жана Түштүк Корея Республикасынын Премьер-министринин Ли Нак Ендун катышуусу менен аталган долбоор расмий түрдө старт алды. 

     Иш чаранын алкагында долбоорго катышкан айылдарга статуетка тапшырылды. Долбоорго катышкан айылдар өздөрүнүн өнүктүрүү долбоорлорун жазып аны жактап долбоорду ишке ашыруулары керек. Жактырылган долбоорлорго  КОЙКА уюму тарабынан чакан гранттар берилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх