Айыл өкмөттөрдө мамлекеттик сатып алууларды туура жүргүзүү боюнча окуулар уюштурулууда.

Айыл өкмөттөрдө мамлекеттик сатып алууларды туура жүргүзүү боюнча окуулар уюштурулууда.

Айыл өкмөттөрдөгү финансы каражаттарын туура эмес пайдалануу, мамлекеттик сатып алууларда көптөгөн эреже, мыйзам бузуулар катталып келет. Ошол мыйзам бузууларды алдын алуу, мамлекеттик сатып алууларды туура жүргүзүү боюнча агенттиктин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги жана Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте  айыл өкмөттөрдүн башчылары, жооптуу катчылары жана каржы тармагын тейлеген адистери  үчүн окуулар өткөрүлүп жатат. Окутуулар 18-21-июнь күндөрү Нарын облусунда өткөрүлсө, 2-4 июль күндөрү Ысык-Көл облусунда өткөрүлүүдө. 
Бул окутуунун жүрүшүндө айыл өкмөттөрү  жана алардын кызматкерлери тарабынан бир катар актуалдуу маселелер көтөрүлүүдө. Алсак, муниципалык мүлктү рационалдуу пайдалануу, аларды каттоо, мамлекеттик ыйгарым укуктардын өткөрүлүп берилбей жаткандыгы жана ошол чөйрөдөгү ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы ошондой эле соттук-укуктук реформанын алкагында айыл өкмөттөрү тарабынан жүргүзүлүүчү иш аракеттер боюнча түйшүк жараткан суроолор берилүүдө. 
Окутууну жүргүзүп жаткандар тарабынан бардык суроолорго жетиштүү жооптор берилип, усулдук методикалык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх