Этностор аралык мамилелерди чыңдоо жана дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат боюнча окуулар өткөрүлдү!!!

2019-жылдын 25-26-июнь күндөрү Ош шаарында  БУУнун ӨПнын “Зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу максатында инклюзивдүү (эске алып) башкаруу жана адилеттүүлүк” долбоорунун алкагында  коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларына, коомдук консультаивдик кенештердин мүчөлөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине  “Кыргыз Республикасында элдин биримдигин бекемдөө жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо  чөйрөсүндө мамлекеттик саясат" жана "Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат" темаларында   тренинг болуп өттү.
    Тренингдин максаты этностор  аралык чыр-чатактардын алдын алуу боюнча катышуучулардын ыкмаларын, ошондой эле мониторинг жүргүзүү жана диний радикализмдин алдын алуу боюнча практикалык маселелерди жакшыртуу болуп саналат.
    Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар өлкөдөгү  этностор аралык жана диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү ыкмаларын талкуулашты. Ички иштер министрлигинин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын облустагы өкүлдөрү  жана Агенттиктин Мониторинг борборунун аналитиктери презентациялар менен чыгып сүйлөштү.
 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх