Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи жолу Кыргызстанда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык “Дени сак шаарлар” тармагынын улуттук семинар-кеңешмеси болуп өттү.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи жолу Кыргызстанда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык “Дени сак шаарлар” тармагынын улуттук семинар-кеңешмеси болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (ЖӨБЭММА) жана КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун “Дени сак шаарлар” глобалдык кыймылынын алкагында биринчи улуттук семинар-кеңешме уюштурулду.

Аталган иш-чара “Дени сак шаарлар” улуттук тармагын түзүүнүн башталышы болду. Өткөрүлгөн  иш-чарага өлкө ичиндеги республикалык, облустук жана жергиликтүү муниципиалдык деңгээлдеги 30 шаардын мэрлери жана мэрия өкүлдөрү катышты.

Улуттук семинар-кеңешмеге шаарлардын мэрлеринен башка саясий өкүлдөр менен, тармактык министрликтердин өкүлдөрү, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун техникалык эксперттери, анын ичинен Кыргызстандагы  Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү доктор Ярно Хабихт мырза саламаттыктыкты сактоонун маселелери боюнча  муниципалитеттердин жана аймактардын ролун жакшыртууну изилдеген ойлорун ортого салышты.

         Семинар кеңешмеде:

  • "Дени сак шаарлар" өз тургундарынын саламаттыгынын сакталышына, жашоо шарттарынын жакшырышына, алардын  укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишине, алдын-ала мерчемделген иш-чараларга катышуусуна кам көрөт.
  • "Дени сак шаарлар" бардык жерлерде теңсиздиктерге жол бербөөгө жардам берет. Шаар тургундарына коопсуз шарттарды түзүп берип, инновациалык технологияны ишке киргизүүгө жардамдашып, өз ара билим алмашуу жолу менен саламаттыкты сактоону шаардык деңгээлде жүргүзүүнү дипломатиялык негизде жүргүзөт.
  • "Дени сак шаарлар" өнөктөштөрдүн баштарын бириктирген лидер катары коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү (анын ичинен жугушсуз оорулар менен (ЖОМ), жугуштуу оорулар, айлана чөйрөнүн көйгөйлөрү менен, микробдорго каршы препараттардын туруктуулугу боюнча жалпы чакырыктарды бөлүшөт.
  • "Дени сак шаарлар" ар кандай кырдаалдарда жана саламаттыкты сактоонун  жалпы камтылган  кызматтары менен  бөлүшүүнү  жана камсыз кылууга жардам берет, ж.б. маселелер кеңири талкууга алынды.

Ушул жылы Европалык дени сак шаарлардын тармактарына 30 жыл толуп, майрамдар 1-4-октябрдын башталышында Белфастеде, Бириккен королевстводо, Түндүк Ирландиянын борборунда өтүлүшү каралган.

Дени сак шаарлар – бул Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун глобалдык деңгээлдеги демилгеси жана миңдеген (муницпалитеттерди) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, 30дан ашык улуттук шаарлардын тармагын кошуп турат.

Негизинен шаарлар улуттук региондорду өнүктүрүү программаларын ишке ашырууда алдыңкы ролдо болуулары керек, шаарлардын пландарында адамдардын жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн эң натыйжалуу ыкмалардын жана иш-чаралардын топтолушу зарыл.

Кыргызстанда негизинен 31 шаар бар, анын ичинен 2 республикалык маанидеги, 12 облустук жана 17 райондук маанидеги шаарлар. Бул түзүлүштөргө карабастан шаарлар өлкөдө социалдык-экономикалык, саясат жана маданиятты өнүктүрүүдө эң негизги маанидеги ролду ойнорун белгилей кетсек.

Семинар-кеңешмеде сөз алып сүйлөшкөн Президенттик Аппараттын, ЖӨБЭММАнын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин, мэрлердин жана мэрия өкүлдөрүнүн сөздөрүндө өткөрүлүп жаткан улуттук семинар- кеңешменин өлкө үчүн өтө маанилүү экендигин белгилешти жана инновациялык үлгүлүү өлкөлөрдөгүдөй бул жаңы саамалык кыргыз кыртышына бат эле сиңип кетерин, кадимки көрүнүш адат катары калыптанып калышы керектигин ишендирип өтүштү. Семинар кеңешменин аягында Кыргызстанда “Дени сак шаарлардын” улуттук тармагын түзүү керектигин белгилеген резолюция кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх