Агенттик тарабынан иштелип жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору талкууланды

Агенттик тарабынан иштелип жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору талкууланды

            Агенттик тарабынан иштелип чыккан эки маанилүү документтин долбоору кызуу талкууланды.

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн Регламенти;
  2. Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун Типтүү регламенти.

Талкууга айыл өкмөттөрүнүн жана шаарлардын мэрияларынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Бул ченем актыларын даярдоодо Агенттиктин жумушчу тобунун мүчөлөрү жер-жерлерге чыгышып, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде, КР Улуттук статистикалык комитетинде, Мамлекеттик каттоо кызматында, Бишкек шаарынын мэриясында, КРӨ Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында, бир катар райондордун мамлекеттик администрацияларында, айыл өкмөттөрүндө, шаарларынын мэрияларында болушту.

Алардын иш тажрыйбасын талдаганда төмөнкүлөр белгилүү болду.

Республиканын мыйзамдарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткарууга тийиш болгон 150 дөн ашык функциялар каралган. Алардын 42си гана, анын ичинде 25 жергиликтүү маанидеги маселелер Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамында, ал эми калгандары көптөгөн тармактык (атайын) мыйзамдарда аныкталган.  

Бир катар себептерден улам мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамда белгиленгендей, акчасын жана штаттарын камсыз кылып өткөрүлүп берилбей жаткандыктан, алар мыйзамдарда каралган өз милдеттерин толук аткарбай, ал эми өздөрүнө милдеттендирилбеген функцияларды аткарып жатышкандыгы айкын болду. Ага жергиликтүү бюджеттердин да бир топ каражаты жумшалып келүүдө.

Негизи эле кийинки учурларда мыйзамдардагы шайкешсиздиктен улам айыл аймактарында жана шаарларда башкаруу органдарындагы, анын ичинде айыл өкмөттөрүндөгү жана мэриялардагы аткаруучулук тартиби, жоопкерчилик өтө төмөндөп кеткен. Айыл өкмөттөрүндөгү кадрлар тез-тез алмашып, азыркы иштеп жаткан кызматкерлердин билим жана тажрыйба деңгээлинин өтө төмөндүгүнүн кесепетинен алар иштин көзүн билбей кыйналып жатышкан.

Аларга чара көрүүнүн механизми жок болуп келген. Мына ушул көйгөйлөрдүү чечүү максатында жогоруда белгиленген документтер иштелип чыгууда.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн Регламентинин негизги максаты – бул органдардын ишмердүүлүгүнүн күндөлүк практикасына алардын биргелешип алып баруучу ишинин жаңы форматын киргизүү болуп саналат. Регламентте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү аркылуу чечилүүчү маселелердин тизмеги, алардын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби, бул учурдагы бул органдардын кызмат адамдарынын өз ара аракеттенүү учурундагы укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, келип чыккан пикир келишпестикти чечүүнүн тартиби такталып, жол-жоболоштурулду.

Экинчи документ – бул Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун Типтүү регламенти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 25-январындагы № УП-30- Жарлыгы менен Аксакалдар соттору жөнүндо Убактылуу жобо кабыл алынган. Анан 2002-жылы 5-июлда “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Бул Мыйзамга да өзгөртүүлөр киргизилген. Бирок Жобонун ордуна Мыйзам кабыл алуудан жана кийинки өзгөртүүлөрдөн алардын статусу жогорулабастан, тескерисинче төмөндөдү. Кыргыз Республикасынын акыркы Конституциясынын “Жарандык. Жарандын укугу жана милдеттери” деген бөлүмүнүн 59-беренесинде “Кыргыз Республикасында жарандар аксакалдар сотторун уюштурууга укуктуу” деп, ал эми “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                 1-беренесинде “Аксакалдар соттору - булар ыктыярдуу башталыштарда жана шайлануучулук жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү коомдук органдар” деп көрсөтүлгөн.

Аксакалдар сотторунун иштешине коомдо ар кандай кайчы пикирлер бар.

Жалпы республика боюнча 795 аксакалдар соту иштеп жатат, алардын катарында 4385 мүчөсү бар. Жыл сайын алар тарабынан жалпысы жети миңден ашуун иш каралып жатат. Бул ИИМ тарабынан тастыкталган факт.

Белгилей кетүүчү жагдай, аксакалдар соттору тууралуу мыйзам болгон менен алардын ишинин тартибин даана көрсөткөн Регламент иштелип чыккан эмес.

Жогорудагы келтирилген көйгөлөрдөн улам, Агенттик  айыл жери үчүн да, шаар жери үчүн да бирдей жарактуу Аксакалдар сотторунун Типтүү регламентин иштеп чыкты. 

Иштелип чыккан регламент жеңил-желпи тартип бузууларды карап, талаш-тартыштарды акысыз жана ымалага келүү менен чечкен, ишмердүүлүгү кылмыштардын алдын алууга, агартуучулук ишке багытталган аксакалдар сотторуна усулдук багыттама, юридикалык билими жок адамдарга процедуралык маселелерди ийне-жибине чейин чечмелеп берген күндөлүк колдонмо болуп калат деген ишеним бар.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх