Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди.

Бүгүн 22-июнь мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата Агенттикте майрамдык иш чара болуп өттү.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин майрамынын биргеликте белгилениши өткөн жылдан башталган.

Бүгүнкү иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери, Чүй облусунун жана Бишкек шаарын мэриясынын Аппаратынын, муниципадык райондорунун кызматкерлери сыйланышты.

Сыйлыктар алардын көп жылдан берки эмгек стажысынын жана жергиликтүү өз алыднча башкаруунун өнүгүшүнө, элдин биримдигин чыңдоого кошкон өзгөчө салымдары үчүн бааланды.

Иш чарада Агенттиктин директору Бахтияр Салиев бардык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын бүгүнкү күндө жасап жаткан иштеринин ары жооптуу  жана түйшүктүү экенин баса белгилеп өттү.

Ошондой эле республиканын бардык аймактарында татыктууларды сыйлоо аземи өтүп, Агенттиктин облустардагы өкүлдөрү Агенттиктин ведомстволук сыйлыгы болгон "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы" төш белгиси жана Ардак грамоталарды тапшырышты.

Сыйлык алгандардын тизмеси:

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх