Региондорду өнүктүрүү жылында аткарыла турган иштер жөнүндө

Региондорду өнүктүрүү жылында аткарыла турган иштер жөнүндө

"2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы" деп аталды. Мындай Жарлыкка өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду. Учурда аймактардын жолдорун оңдоо иштери жүрүп, электр тармактары, реконструкцияланып жатат. Ошол эле санитардык медициналык биринчи жардамдарды көрсөтүү боюнча иштер жолго коюлган, көп болбосо да жаңы курулган социалдык объектилер пайда болууда. Бирок дагы деле ар бир айылды таза суу менен камсыз кылуу милдети бар. Калктын маалымат алуусу, анын ичинде санариптик телекөрсөтүү жана интернет аркылуу маалымат алуу жагдайлар жакшырышы абзел. 

Жумушчу орундар жеринде түзүлүп, ички жана тышкы миграцияны токтотууга шарт түзүлүш керек. Ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүдө "Аймактарды өнүктүрүү" деп 2018- жылдын аталышы жардамга келеби? Ишке ашыруунун механизмдери иштелип чыктыбы? Иш чаралардын системалуу болушу айрыкча айылдардын инфраструктурасы өнүгүш үчүн аткаруу бийлиги эмнелерге көңүл бурушу керек? Ушул багытта түз эфирде талкуу болду.

Уктурууга КРнын президентинин аппаратынын мамлекеттик жана аймактарды башкаруу жана кадр саясатынын бөлүм башчысы Бекбоев Турдуназир Бекбоевич жана КРнын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Салиев Бахтияр Усманович катышышты. 

Маалымат http://www.ktrk.kg сайтынан алынды.

Маекти бул шилтемеден уга аласыздар. https://soundcloud.com/medet-ok/kndn-temasy-aymaktardy-nktrd-emnelerge-kl-buruu-zaryl 

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх