Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Сиздерди келе жаткан жаӊы 2018-жылыӊыздар менен куттуктайм! Өтүп бара жаткан жылыбыз жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында жана ошондой эле элдин биримдигин чыӊдоо жаатында жемиштүү жылдардан болду десек жаӊылышпайм. Анткени, мамлекеттин өзөгүн түзүп турган элибиз айыл жергесинде ынтымак-ырашкерликте жашап, жашоо деӊгээлдери жылдан-жылга жогорулап жаткандыгына убакыт өзү күбө. Албетте, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Конституциябызда белгиленген статусуна жетишүүгө талыкпас эмгекти жана убакытты талап кылат, алгачкы кадам болуп айыл өкмөттөрүбүздүн өзүн-өзү каржылоосуна, өзүн-өзү көзөмөлдөөсүнө жана өз алдынча башкаруусуна жетишүү. Бул жаатта айыл өкмөт, шаар башчыларыбыздын, жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын жана жамаатардын биргелешип көргөн аракеттери өз жемишин берүүдө, жыл санап мамлекеттик бюджетке көз карандысыздыкка жеткен айыл өкмөттөрүбүздүн курамы арбып баратат. Эзелтеден айтылган «Ырыс-алды ынтымак»-деген накыл кепти көкүрөгүбүзгө бекем туюп, элибизде  ынтымакты, биримдикти бекемдеп орнотуп, биримдикте иш алып барсак алдыдагы күнүмдүк тоскоолдуктардан жеӊил өтөөрүбүзгө эч күмөн болбос. «Ааламга жол айылдан башталат» - демекчи, айылдарыбыз, шаарларыбыз өнүксө, өлкөбүз өнүгөөрүн көкүрөгүбүздөн чыгарбай аракетти көрө берели.

Жаӊы жылыбыз жакшылыктын жарчысы болуп жергебизге тынчылыкты, элибизге токчулукту, молчулукту алып келсин.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү

өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер

боюнча мамлекеттик агенттигинин

директору     Б. Салиев

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх