Агенттикте Мамлекеттик тил күнү белгиленди!

“Улут болсом, тилим менен улутмун!” аттуу мамлекеттик тилдин бир айлыгын жарыялоо жана 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чараларды өткөрүү жөнүндө

 Агенттик тарабынан, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндөгү” Мыйзамын, Кыргыз Республикасында “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин  Жарлыгын жана Кыргыз Республикасында “2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын” жана башка тилге байланыштуу укуктук-ченемдик актыларды ишке ашырууда бир топ алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат.   

Ошондой эле,  23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата пландаштырылган иш-чараларды өткөрүү жана 2017-жылдын 13-сентябрынан 13-октябрына чейин Мамлекеттик тилдин бир айлыгын жарыялоо жөнүндөгү кабыл алынган буйруктун негизинде пландаштырылган иш чаралар өткөрүлүүдө.

Жарыяланган бир айлыктын алкагында  мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын аткарылышында жана тармактагы жүргүзүлүп жаткан тийиштүү иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн натыйжалуулугун арттырууда, мурда жүргүзүлүп жаткан иштер күчөтүлгөн багытта көзөмөлгө алынды.

Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүүдө жана мамлекеттик тилди өркүндөтүүдө өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланышты. 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх