Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри менен жолугушуу

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Д.Т. Зилалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүно караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишетери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин аппараты менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Агенттиктин иши жөнүндө презентация жасалып жана Агенттиктин жоопкерчилигин жана ролун жогорулатуу боюнча талкуу болду.

Жолугушууда Агенттиктин директору Б.У. Салиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында жана этностор аралык мамилелер жаатында аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып өттү. Ал өз сөзүндө Агенттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультативдик, методикалык жардамдарды көрсөтүү менен алардын ишин жакшыртуу боюнча бир катар ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын ошондой эле этностор аралык мамилелер жаатында жасалган иштердин натыйжасында бүгүнкү күндө республиканын аймагында этностор аралык кагылышуулар азайып, катталган кылмыш иштердин саны кескин азайгандыгын белгилеп өттү.

Жолугушууда Вице-премьер министр Д.Т. Зилалиев Өкмөттүн «жаӊы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруу боюнча иш чараларды кабыл алуу менен анын турмушка ашырылышы боюнча иштиктүү чаралар көрүлүш керектигин белгилеп өттү.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх