Айылдарды өнүктүрүү Меморандумуна кол коюлду

3-октябрь күнү Агенттиктин директору Б.У. Салиев "Кыргызстандын жаңы айыл Лидерлеринин Лигасы" коомдук бирикмеси менен жолугушту. Жолугушууда Кореялык "Семаыль Ундон" кыймылынын негизинде жазаган иштерине баа берилди. "Семаыль Ундон" долбоору Кореяда Улуттук Программа катары бекитилип Корея мамлекетинин өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Аталган кыймыл Кыргызстан 2015-жылдан бери иш алып барып келүүдө. Бүгүнкү күндө 130 миң АКШ доллары өлчөмүндө 9 айылга гранттык каражат бөлүп берилди. Алынган каражаттар айылдардын таза суу, кайрак жерлерди сугат жерге айландыруу жана башка айылды өнүктүрүү боюнча иштерди алып барышууда.

Ал эми аталган коомдук бирикме дага "Семаыль Ундон" кыймылынын негизинде иш алып барып келишет. Айылдарды жашылдандыруу, тазалыкты камсыз кылуу, таза суу менен камсыз кылуу ж.б иштерди алып барышууда. Ошондой эле долбоордун алкагында бир канча айылдарда семинар-тренигдерди өткөрүп келишет. 

Агенттик бул коомдук бирикменин ишин жогору баалып мындан аркы иштерди биргеликте улантуу максатында меморандумга кол коюшту. Жолугушуунун жыйынтыгында аталган кыймылдын жетекчисине жана мүчөлөрүнө Агенттиктин ведомтстволук сыйлыгы менен сыйлады.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх