Татыктуулар сыйланды

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата Агенттиктин директору Б.У. Салиев жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө жана элдин биримдигин чыңдоого кошкон салымдары үчүн бир катар мамлекеттик, муниципалдык жана маданият кызматкерлерин ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы" төш белгиси жана Ардак Грамота менен сыйлады.

Директор Б.У. Салиев өзүнүн куттуктоосунда мамлекетибиз эгемендик алганына 26 жыл толгонун ошону менен катар кийинки кездердеги өлкөбүздө тынчтыктын өкүм сүргөнү, өлкөбүздүн өнүгүүгө багыт алганын белгилеп ошол өнүгүүгө ар бир муниципалдык кызматкерлердин салымы бар экенин куттуктоо сөзүндө айтып өттү.

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх