Мамлекеттик тилде иш алып барган мыкты бөлүм - 2016”, “Мамлекеттик тилде иш алып барган мыкты кызматкер - 2016” кароо-сынагы жыйынтыкталды.

18.10.16.

2016-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде “Мамлекеттик тилде иш алып барган мыкты бөлүм - 2016”, “Мамлекеттик тилде иш алып барган мыкты кызматкер - 2016” кароо-сынагы жыйынтыкталды.

Бул кароо-сынак  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы №155 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу уюшулду.

“Мамлекеттик тилде иш алып барган мыкты бөлүм – 2016” кароо сынагы

1-орун Укуктук камсыздоо башкармалыгы (4000сом).

“Мамлекеттик тилде иш алып барган мыкты бөлүм – 2016” кароо сынагы

2-орун Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгы (3000сом).

“Мамлекеттик тилде иш алып барган мыкты бөлүм – 2016” кароо сынагы

3-орун Этностор аралык мамилелер боюнча башкармалыгы (2000сом).

Уюштуруу иштери жана жергиликтүү башкаруу органдарына усулдук жана маалыматтык жардам көрсөтүү башкармалыгы (2000сом).

 

“Мамлекеттик тилде иш алып барган мыкты кызматкер – 2016” кароо сынагы 1-орун Коррупцияны алдын алуу маселелри боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, 3-класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси – Ахмедова Айгүл Мамедовна (4000сом).

2-орун Этностор аралык мамилелер боюнча башкармалыгынын башкы адиси Тургунбаева Замира Станбековна (3000сом).

2-орун Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы – Бакасов Султан Бакасович (3000сом).

 

3-орун Абдраева Нестан (2000сом)

Казиева Бермет (2000сом)

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх