КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММА менен Ага Хан фонду кызматашмакчы

 

10.10.2016.

Ага Хан фонду Кыргыз Республикасынын аймактарында жакырчылыкты жою боюнча буга чейинки жүргүзгөн изилдөөлөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз  алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин эмгек жамааты менен бөлүшүштү. Жолугушууда мындан ары кызматташуу боюнча келишимге баруу сунушталды. Иш чаранын жүрүшүндө агенттиктин директору Джумагуль Эгамбердиева Ага Хан фондунун кызматкерлерине маалыматтарды дагы бир жолу тактап коюну сунуш кылды. Эки тараптын жетекчилери эртең Ош шаарындагы жолугушуусунда кызматташуу боюнча  пикир алмашмакчы.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх