Куйручук айыл өкмөтүндө жолдор оңдолууда

16.08.2016.

Нарын областынын Жумгал районуна караштуу Куйручук Айыл өкмөтү Талантбек Асановдун демилгеси менен ички инвестиция тартуу аркасында элден чогултулган каражаттын эсебинен 50 000  сомдук чыгым сарпталган ички жолдорду оңдоо иштери колго алынды. Аталган айылдын Багыш Сазанов көчөсү менен Абдырахман уулу Шамбек көчөлөрүн байланыштырган  жол капиталдык оңдоодон өткөзүлдү.  Андан тышкары Куйручук, Сазанов көчөлөрүндө чуңкурларды жамап жаскоо иштери жургузүлдү.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх