Барскоон айыл өкмөтү административдик - муниципалдык кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 17-февралындагы №44 Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын бош административдик кызмат оордун ээлөө боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маалымат- технологиялар боюнча адис ваканттык административдик-муниципалдык кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт!  
Коюлуучу квалификациялык талаптар: 
1)Кесиптик билимдин денгээли: Тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим  же   орто кесиптик билим (физика –математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, маданият жана искусство, экономика жана башкаруу, тейлөө сферасы , айыл чарба, транспорттук технология жана техника, автоматаштыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар)
2)Иш стажы жана тажрыйбасы: 
иш стажысы талап кылынбайт.  
3)Кесиптик компетенттүүлүгү:
-Төмөнкүлөрдү билүү: «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; К.Р. «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Мыйзамы;
Билгичтиги: жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
Тиешелүү чөйрөдөгү Ата-Мекендик чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
Мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү  кат алышуу;
Командада иштөө;
- көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Фукционалдык милдеттери:
-а/ө аппаратындагы компьютерлердин жана алардын комплектөөчү аппараттарынын жана деталдарынын ( принтерлеринин, ксероксторунун, картридждеринин, маалыматтарды жазуучу түзүлүштөрдүн ) абалдарын көзөмөлдөөгө;
-а/ө аппаратынын кызматкерлерине компбютердик жаны технологиялар алкагындагы жанылыктар жөнүндө консультацияларды жаны инструкцияларды берүүгө:
-а/ө аппаратынын кызматкерлерине жана башчысына иш кагаздарынын жана алардын жүргүзүүдөгү формаларындагы өзгөрүүлөр жөнүндөр жөнүндө маалыматтарды берүүгө;
-а/ө АСКИД программасы менен иш алып барууга;
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- конкурстук комиссиянын төрайымынын  атына жазылган жеке арызы;
- кадрлардын каттоо баракчасы;
- 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
- Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)
- жогорку же кесиптик билиминин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);
- эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);
Талапкерлерден документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Барскоон айыл аймагындагы Барскоон айыл өкмөтүндө И.Малаев көчөсү 115 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет.  Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөнкү телефонго кайрылсаныздар болот: 0779 819-661 03946 26-1-45.
Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү.
 

Жарыялар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх