Өзгөчө статус алган чек арага чектеш айылдарды өнүктүрүү

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы  № 5-токтому менен бекитилген (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 520-токтомунун редакциясы) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашырууга карата 2018-2020-жылдарга иш-чаралар планы бекитилген.

      Иш-чаралар планы 33 пункттан турат жана аларды ишке ашырууга республикалык бюджеттин эсебинен 2018-2020-жылдарга 296,2 млн. сом акча каражаты каралган.

     Ал эми 2018-жылга карата 14 иш-чараны аткаруу үчүн республикалык бюджеттен 60,1 млн. сом акча каражаты каралып, жооптуу аткаруучу органдарга бөлүнүп берилген. Анын ичинен 2018-жылы 22,8 млн. сому иш-чараларды аткаруу үчүн толук өздөштүрүлгөн.  

         Бүгүнкү күндө 2018-жылга каралган иш-чаралардын ичинен төмөнкү иштер аягына чыгарылды:

     - КР Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек аранын участокторуна 2019-жылдын май айына карата 20175 метр тосмолор толук орнотулуп бүтүп, жалпы 15,0 млн. сом акча каражаты жумшалды;

     - Курулуш агенттиги тарабынан Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук жана Арка-2 айылдарын суу менен камсыз кылуучу “Арка” суу түтүктөр тарамынын негизги курулуш иштерин реконструкциялоо планы  5,1 млн. сомго аягына чыгарылды;

   - КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Раззаков атындагы айылында өрт өчүрүү бөлүкчөсүнүн имаратынын курулушу 1,5 млн. сомго аягына чыгарылды.

        Ал эми 2019-жылга карата 22 иш-чараны аткаруу үчүн республикалык бюджеттен 137,4 млн. сом акча каражаты каралган болсо, бүгүнкү күндө 88,75 млн. сом акча каражаты төмөнкү жооптуу аткаруучу органдарга бөлүнүп берилген:

        - Транспорт жана жол министрлигине – 12,0 млн. сом;

        - Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 3,5 млн. сом; 

       - Мамлекеттик чек ара кызматына – 15,0 млн. сом;

        - Курулуш агенттигине – 58,25 млн. сом бөлүнүп берилген.

 

Вверх